"Кыргызстан аэропорттору" ААКнын уставдык капиталы 15,2 млрд сомго көбөйтүлдү
Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында “Кыргызстан Аэропорттору” ачык акционердик коомунун карамагындагы мамлекеттик мүлктөр натыйжасыз пайдаланылып келе жатканы аныкталып, аталган мыйзам бузууларды жоюу жана мамлекеттик контролду күчөтүү максатында прокурордук чара көрүү актысы киргизилген.
Актынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Ысык-Көл жана Баткен облустарында жайгашкан, буга чейин мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын бузуу менен пайдаланылып келген жалпы аянты 335,6 гектар жер тилкелери “Кыргызстан Аэропорттору” ААКсынын уставдык капиталына өткөрүлүп берилди.
Уставдык капиталга киргизилген мүлктүн жалпы наркы 15 млрд 225 млн 916 миң сомду түзүп, бул мүлк компаниянын уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшүн бир кыйла көбөйтүүнү камсыз кылат жана республикалык бюджетке дивиденддердин түшүүсүнүн олуттуу өсүшүнө алып келет.
