Кабулда Кыргызстандын Ооганстандагы соода үйү ачылды
17 декабрь

Кабулда Кыргызстандын Ооганстандагы соода үйү ачылды

Ооганстандын борбору Кабул шаарында 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.

Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко илгерилетүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тараптар бул кадам Кыргыз Республикасы менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү экенин белгилешти.