
2025-жылдын 1-январынан тартып салык төлөөчүлөр мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү тапшыруудан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-январынан тартып салык төлөөчүлөр мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү тапшыруудан бошотулгандыгын эскертет.
Турак үйлөрдүн, имараттардын, жайлардын, ошондой эле айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участокторунун ээлери салык органына маалыматтык эсептөөлөрдү тапшырбаса болот.
Ошондой эле бошотуу базарларда жана кичи базарларда жайгашкан жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинде катталбаган турак эмес объекттерге (контейнерлерге, ангарларга ж.б.) дагы тиешелүү.
Бирок турак эмес жайларга, имараттарга, курулуштарга, ошондой эле калктуу конуштардын чегиндеги жер участокторуна жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге ээ болгон салык төлөөчүлөр маалыматтык эсепти берүүгө милдеттүү. Отчетторду берүү мөөнөтү юридикалык жактар үчүн 1-апрелге чейин, ал эми жеке жактар үчүн 1-майга чейин жүргүзүлөт.
Эми салык органдары турак жайларга, имараттарга жана айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участокторуна салыктарды өз алдынча эсептеп чыгып, салык төлөөчүлөргө кабарлоону учурдагы салык мезгилинин 1-августуна чейин жөнөтүшөт.
Мындан сырткары, базарлардын жана кичи базарлардын ээлери (дирекциясы) берген маалыматтардын негизинде Салык кызматы алардын аймагында жайгашкан жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинде катталбаган, турак эмес курулуштарга (контейнерлерге, ангарларга ж.б.) салыкты эсептөөнү автоматташтырылган режимде жүргүзөт.
Мындай жөнөкөйлөтүү салык жол-жоболорун автоматташтыруунун жана системаларды мамлекеттик каттоо органдары менен интеграциялоонун аркасында ишке ашты. Заманбап санариптик чечимдерди киргизүү салык органдарына салык төлөөчүлөргө административдик жүктү азайтуу менен зарыл болгон маалыматты ыкчам алууга мүмкүндүк берет.
Процесстерди автоматташтыруу салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, салыктарды эсептөөдөгү каталарды минималдаштырууга жана отчетторду кечиктирип же туура эмес берүү тобокелдиктерин азайтууга өбөлгө түзөт.
Ал жергиликтүү салыктарды башкарууну жакшыртууга, алардын келип түшүүсүн кыйла натыйжалуу контролдоону камсыз кылууга, ошондой эле салык милдеттенмелерин аткарууда убакытты жана ресурстарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берүү менен салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.