Майлуу-Суу лампа заводунун базасында индустриалдык парк түзүлүүдө
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
9 сентябрь

Майлуу-Суу лампа заводунун базасында индустриалдык парк түзүлүүдө

Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводунун өндүрүштүк базасын сактап калуу, жаңы багыттарды өздөштүрүү жана ишкананын ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Президенттин ЖалалАбад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, ишкананын продукциясына болгон суроо-талаптын азайышына жана финансылык-экономикалык абалына байланыштуу эски үлгүдөгү лампаларын (лампа накаливания) чыгаруу 2026-жылдын 1-январынан тартып токтотулган.

Ошол эле учурда заводдун базасында жаңы багыттарды ишке киргизүү максатында тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги №149 Жарлыгына жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемесине ылайык, Майлуу-Суу лампа заводунун базасында индустриалдык парк түзүлүүдө.

Индустриалдык парктын негизги максаты, инвестиция тартуу, жаңы ишканаларды уюштуруу жана заводдун кубаттуулугун кеңейтүү болуп саналат.

Президенттин Жарлыгына ылайык, бул багытта жалпы 931 млн сом каралган. Учурда анын 600 млн сому бөлүнгөн. Анын ичинен 278 млн сом индустриалдык парктын чыгымдарын жана ишкананын кредитордук карыздарын жабууга, 322 млн сом жаңы багыттарды өнүктүрүүгө жумшалууда.

Мындан тышкары, дагы 331,6 млн сом каражаттын келип түшүүсү күтүлүүдө.

Каражаттардын эсебинен айнек идиштерин чыгарууну кеңейтүү жана светодиоддук лампалардын түрлөрүн көбөйтүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Мындан тышкары, заводду толук көлөмдө жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда.

Жаңы долбоорлорду ишке ашыруу менен Майлуу-Суу шаарында өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлөт.