Лейлек районунун аймагында ири өндүрүш ишканасы курулууда
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Булак-Башы айылында “Мега Газаблок” ишканасы курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчулугүнөн кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, облус башчысы Айбек Шаменов бүгүн аталган ишкананын курулушунан кабар алды.
Жеке ишкер бул өндүрүштүк обьектисине 12,0 млн доллар инвестиция салган.
Ири заводдун курулушу 2025-жылдын 1-декабрына чейин бүткөрүү пландалган. Ишкана ишке кирсе, суткасына 2000 даана газаблок өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Болжол менен 150 адам жумуш менен камсыз болот.
Курулуш материалын өндүргөн ишкана, сырьёну аталган аймактан алат. Аймакта газоблок үчүн керектелүүчү ак кумдун чоң көлөмдөгү запасы бар. Адистер анын жогорку сапатын белгилеп келет.
