2025-жылга карата “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоору бекитилди
2025-жылга карата “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоору бекитилди, деп кабарлайт Айыл чарба министрлиги.
Бул долбоордун алкагында 4 млрд. 92 млн. 769 миң 440 сомдон кем эмес суммага 10 пайыз чен менен насыя берүү жагы каралган.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү “Мал чарбачылыгы”, “Өсүмдүк өстүрүү”, “Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар”, менен алектенгендарге 36 ай, ал эми “Айыл чарба техникаларынын лизинги” мөөнөтү 84 ай.
Белгилей кетсек, насыялар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу, 300 000 сомго чейин күрөөсүз негизде, 1 000 000 сомго чейин күрөөнүн негизинде берилет.
Ошондой эле, “Мал чарбачылыгы”, багытына 1227,8 млн. сом, “Өсүмдүк өстүрүү” багытына 818,6 млн. сом, “Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар” багытына 409,2 млн. сом, “Айыл чарба техникаларынын лизинги” багытына 1637,1 млн. сом каралган.
