Казакстан мунай экспортуна бажы төлөмүн дээрлик 24%га жогорулатты
Сүрөт ачык булактардан алынды
9 сентябрь

Казакстан мунай экспортуна бажы төлөмүн дээрлик 24%га жогорулатты

Казакстан 2026-жылдын сентябрь айында мунай жана жеңил мунай продуктуларын экспорттоого карата орточо бажы төлөмүн тоннасына 94 долларга чейин жогорулатты. Бул тууралуу республиканын Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди.

Август айына салыштырмалуу төлөмдүн көлөмү тоннасына 18 долларга, же 23,7%га өстү. Буга KEBCO жана Brent сортундагы мунайдын баасынын олуттуу өсүшү себеп болгон.

Эске салсак, 2026-жылдын июнь айында Казакстан мунай экспортуна бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн жаңы тартибин бекиткен. Ага ылайык, төлөмдүн көлөмү мурунку айдагы Brent жана KEBCO мунайынын дүйнөлүк орточо баасына жараша аныкталат.

Ошол эле учурда Казакстан өлкө ичинде мунайды кайра иштетүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтүүнү пландоодо. Учурда жылына болжол менен 18 млн тонна мунай кайра иштетилсе, бул көрсөткүчтү 40 млн тоннага жеткирүү максат коюлган.

Мындан тышкары, бензин жана авиациялык күйүүчү май өндүрүү менен катар, кошумча наркы жогору нефтехимиялык продукцияларды чыгарууну өнүктүрүү пландалууда.

2025-жылы Казакстанда 99,5 млн тонна мунай өндүрүлүп, анын 18 млн тоннадан ашыгы өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдордо иштетилген.

Ошентип, Казакстан чийки затты терең кайра иштетүүгө жана мунай продуктуларын импорттоого болгон көз карандылыкты азайтууга басым жасап жатат.