Туризм фондунун жана JICAнын кызматташтыгын кеңейтүү боюнча талкуулар болду
Бишкекте Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Кылычбек Рысалиев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууда Япониянын «Бир айыл – бир продукт» долбоорун туристтик кызмат көрсөтүү борборлору жана RestPoint'тор менен интеграциялоо жана башка жаңы кызматташтык багыттары талкууланды.
Япон делегациясы кызматташтыктын кеңейиши боюнча кызыкчылыгын билдирди жана экотуризм, туристтик инфраструктура жана жол жээгиндеги станцияларды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Бул кызматташтык Кыргыз Ресупбликасында туризмди жана регионалдык экономиканы өнүктүрүүгө салым кошоору күтүлүүдө.
