Балык чарба суу объектилеринин реестри санарип форматка өтөт
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык чарба комплекси департаменти «Балык чарба суу объектилеринин, дарыялардын жана көлдөрдүн реестри» жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасын (АМС) ишке киргизүүгө даярданууда.
Заманбап санариптик чечимдерди колдонуу менен балык чарба тармагында эсепке алуунун, башкаруунун жана маалымат алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн система түзүлгөн.
Системанын негизги мүмкүнчүлүктөрү:
- Ар кандай аквакультура түрлөрү (көлмөлүк, бассейндүү, капастык, жайыттык, рекреациялык) үчүн суу объектисинин паспортун жана балык чарбасынын паспортун алууга онлайн арыз берүү.
- Аквакультураны уюштуруу жана жүргүзүү үчүн документтердин топтомун түзүү.
- Бирдиктүү балык чарба реестрин жүргүзүү.
- Балык чарба субъекттери тарабынан тармактык отчеттуулукту электрондук түрдө тапшыруу.
Ишке киргизүүнүн артыкчылыктары:
- Бюрократиялык жол-жоболорду жана документтерди тариздөөгө кеткен убакытты кыскартуу.
- Ишкерлер жана фермерлер үчүн мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
- Автоматташтыруу жана процесстердин ачыктыгынын эсебинен тейлөө сапатын жакшыртуу.
- Департамент менен суу объектилерин пайдалануучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүү.
Учурда система сыноодон өтүп жатат. Этаптуу түрдө киргизүү 2025-жылдын IV кварталында башталып, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарын камтыйт.
АМСны иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
