Кыргызстанда өлкөнүн төрагалыгынын алкагында СПЕКА жумалыгы өтөт
2026-жылдын 22-апрелинде Таиланддын Бангкок шаарында СПЕКАнын Министрлер жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армида Алишахбана менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ЭСКАТО алкагындагы учурдагы өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле биргелешкен демилгелердин ишке ашырылышын талкуулашты. Кыргыз Республикасынын 2026-жылдагы СПЕКАдагы төрагалыгынын алкагындагы маселелерге, анын ичинде артыкчылыктуу багыттарга жана алдыдагы иш-чаралардын графигине өзгөчө көңүл бурулду. Өлкөнүн төрагалыгынын алкагында Кыргызстанда СПЕКА жумалыгы өтөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын СПЕКАдагы төрагалыгынын мезгилинде пландаштырылган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоо тууралуу макулдашышты.
