Жайыл району: помидордун түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекорд жаралууда
23 август

Жайыл району: помидордун түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекорд жаралууда

Чүй облусунун Жайыл районунда 270 гектар аянтка помидордун “Хайнц” жана “Есесем” сорттору отургузулуп, анын түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекорд жаралууда. Түшүмдүүлүк гектарынан 120 тоннага чыгып жатат. Дүйнөдө эң жогорку түшүмдүүлүктү салттуу түрдө Түндүк Америкада, гектарынан 90 тоннага чейин жыйнашат.

Мындагы түшүмдүн басымдуу бөлүгү кайра иштетүүгө, тагыраагы соус, кетчуп сыяктуу продукцияларды өндүрүүгө жөнөтүлөт, калган бөлүгү экспортко чыгат. Помидорду өстүрүүдө заманбап агротехнологиялар колдонулуп, сугарууда автоматташтырылган тамчылатып системасы орнотулган.

Андан сырткары, түшүмдү жыйноо дагы автоматташтырылып, ал үчүн Италиядан атайын томат жыйноочу комбайн алып келинген.