Баткенде күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү 50%га аткарылды
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы күздүк айдап себүү иштеринен жана үрөн чарбаларынан кабар алды.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, быйылкы жылы жалпы Баткен облусунда 7300 гектар жерге күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалган. Анын 6817 гектары буудай, 483 гектары арпа.
Бүгүнкү күнгө буудай 2800 гектардан ашуун, арпа 330 гектардан ашуун талаага себилди.
Күздүк айдап себүү жумуштарын 1-декабрга чейин бүткөрүү пландалган.
Быйыл күздүк эгинди былтыркыга салыштырмалуу 700 гектарга көп себүү күтүлүүдө.
