Антон Ветошкин: Айым ишкерлердин ийгилигинин сыры – алар ар бир долбоорду баласындай кабыл алат
Жыл сайын дүйнөнүн 144 өлкөсүндө 19-ноябрда «Women’s Entrepreneurship Day» – Аялдар ишкерчилигинин күнү белгиленет. Анын бири – Кыргызстан.
Тарыхына токтолсок, Аялдар ишкерчилигинин күнүн белгилөө 2013-жылы америкалык жазуучу жана ишкер айым Вэнди Даймонд тарабынан сунушталган.
4-декабрда Бишкекте “Курак” Аялдар форуму” коомдук бирикмеси тарабынан Аялдар ишкерчилигинин күнү 11-жолу белгиленди. Иш-чарага өлкөнүн жана Борбор Азиянын ар кайсы аймактарынан келген аял-ишкерлер, мамлекеттик түзүмдүн, дипломатиялык корпустун, бизнестин жана креативдүү индустриянын өкүлдөрү катышты.
WED-2025тин башкы идеясы – креативдүү ой жүгүртүүнүн жана жасалма интеллектин аялдар лидердигин калыптандырууда, үй-бүлөлөрдүн жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда тийгизген таасирин көрсөтүү.
GIZ директору Юдит Бланк учурда Кыргызстанда ар бир төртүнчү ишкер айымдардан болуп жатканын белгилеп, аялзаты келечек муунду тарбиялоо, үй-бүлөнү бекемдөө сыяктуу өзүнүн табигый милдеттеринен тышкары өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө, салык түшүүлөрдүн көбөйүүсүнө салымын кошуп жатканын белгиледи. Ошондой эле, ушундай жолугушуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген “Курак” Аялдар форумуна” ыраазычылык билдирди.
“Экономикалык өсүштө аялдардын ролу чоң. Биз тренингдер аркылуу аял-ишкерлердин санариптик жөндөмдөрүн жогорулаттык. Чек арадан товар алып өткөн аялдар менен байланыш түздүк. Негизи, ар бир саясий жана санариптик чечимдердин артында аялдар турат. Алар кадам-кадамдар өз бизнестерин түптөштү. Аялдарга билим жана санарип жеткиликтүү болсо, алар туруктуу өнүгүүнү камсыздашат”, – деди Юдит Бланк.
KICB башкармалыгынын мүчөсү Елена Таирова аялдар лидерлиги бүгүнкү күндө жаңылык эмес, нормага айланды деп эсептейт.
“Биз азыр өзгөрүүлөр орун алган сонун учурда жашап жатабыз. Башкаларга караганда аялдар ар бир өзгөрүүнү тереңден түшүнө алат. Аялдар жаңы санарип экономикада да лидерлерге айланууда. Аялдарды колдоо – бул бир гана бизнестеги багыт эмес, бул биздин ДНКбыз”, – деди ал.
Иш-чарага Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Антон Ветошкин да катышты. Ал уставдык капиталы 1 миллиард доллар болгон фонд 4 700 долбоорду каржылап жатканын, анын көбү айым ишкерлерге таандык экенин билдирди.
“Аялдар ар бир долбоорду балаңыздар катары кабыл аласыздар, ошондуктан сиздер баштаган ар бир иш көздөгөн максатына жетет. Аял-ишкерлерди дайыма ийгилик коштоп жүрүшүнүн сыры ушунда. Кызыктуу идеяңыздарды сунуштаңыздар, биз колдоп берүүгө дайыма даярбыз”, – деди Антон Ветошкин.
Казакстандык бизнесмен Алмаз Чукин ишкерчиликтеги аялдар менен эркектердин айырмасын айтып берди. Ал белгилегендей, эркектер баарын үстүртөн, сырты көрүнүшүн гана караса, аялдар майда-чүйдөсүнө чейин маани берип, ой электен өткөрөт.
Ошондой эле ал бизнестеги айрым ыкмаларын бөлүштү. Айтымында, эгерде ишкерде сатууну эки эсеге көбөйтүү максаты пайда болсо, анда ал үч жолду тандоого туура келет:
1. Жарманага эки эсе көп каражат бөлүү.
2. Соода аянттарын 40 пайызга көбөйтүү.
3. Ассортименти 50 пайызга көбөйтүү.
