Туризм фондунда аныкталган 90 млн сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Тактап айтканда, 2022-2024-жылдар аралыгында Фонддун кызмат адамдары жеке менчик уюмдар менен туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, өлкөдө туризмди өнүктүрүү тармагында жасалма жакшы көрүнүштү калыптандыруу максатында мамлекет үчүн пайдасыз болгон консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерди түзүшкөн. Бирок аталган кызматтар жана долбоорлор иш жүзүндө аткарылган эмес.
Көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 90 млн. сомдон ашык өлчөмдө зыян келтирилген.
