Кыргызстанда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттеринин темир жол администрация жетекчилеринин III жыйыны өткөрүлдү
31 октябрь

Кыргызстанда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттеринин темир жол администрация жетекчилеринин III жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 31-октябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттеринин темир жол администрация жетекчилеринин III жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө темир жол тармагындагы мындан аркы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директору Азамат Сакиевдин төрагалыгы астында өттү.

Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары М. Азимов, Азербайжан, Казахстан, Туркия, Өзбекстан, Кыргызстан темир жол администрацияларынын жетекилери, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги катышты.

«Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директору Азамат Сакиев өз сөзүндө катышуучуларга ыраазычылык билдирип, бул иш-чаранын темир жол тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодогу маанисин баса белгилеп өттү.

«Темир жол башкармаларынын өз ара кызматташуусу алгачкы жемиштерин берүүдө. Эл аралык транспорттук коридорлор активдүү өнүгүп, жүктөрдү жеткирүүнү тездетип, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык байланыштарын бекемдөөдө. Евразиянын жүрөгүндө жайгашкан Кыргызстан олуттуу транзиттик мүмкүнчүлүккө ээ болуп, Жибек жолунун экономикалык алкагы демилгесинин алкагындагы мультимодалдык маршруттардын маанилүү бутагы боло алат», – деди А. Сакиев.

Жыйында кызматташтыктын учурдагы маселелерин талкуулоо, темир жол каттамдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу, инновациялык технологияларды жана ташууларды башкаруунун санариптик системаларын киргизүү, ошондой эле ТМУга мүчө өлкөлөрдүн темир жол башкармаларынын ортосунда маалымат алмашууну чыңдоо негизги максат катары коюлду. Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, транзиттик байланыштарды жакшыртууга, маршруттарды оптималдаштырууга жана транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган келечектүү долбоорлор каралды.