Министр Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдик Республикасынын Элчиси Моника Ленхард менен жолукту
31 октябрь

Министр Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдик Республикасынын Элчиси Моника Ленхард менен жолукту

2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси айым Моника Ленхардды кабыл алды.

Ж. Кулубаев М. Ленхардды жаңы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, тараптардын биргелешкен күч-аракеттери аркылуу кыргыз-герман кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.

Маектин жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашуулардын мындан аркы ишке ашырылышына, ошондой эле транспорт, туризм жана экология жаатындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле санкциялык чектөөлөр темасы талкууланды. Министр Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так аткарып, Европа Бирлигиндеги өнөктөштөр менен санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү мүмкүнчүлүгүнө байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алуу максатында ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Ж. Кулубаев өлкөдөгү учурдагы ички саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого даярдыктын жүрүшүнө жана эл аралык байкоочулардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде М. Ленхард эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө, анын ичинде «Борбордук Азия – Германия» диалог аянтчасынын алкагында да активдүү салым кошууга даяр экенин билдирди.