25 тонна пахта үрөнү ордуна сафлор табылып, жүк кайра жөнөтүлдү
11 август

25 тонна пахта үрөнү ордуна сафлор табылып, жүк кайра жөнөтүлдү

Чоң Капка өткөрмө постунда 25 тонна пахта үрөнү (семена хлопчатника) фитосанитардык сертификаттагы маалымат менен дал келбегендиктен артка кайтарылды

Казакстан Республикасынан Кыргызстандын аймагына ташылып келаткан бул жүк Чоң Капка өткөрмө постунда жүргүзүлгөн текшерүүдө фитосанитардык сертификатта 25 тонна пахта үрөнү катары көрсөтүлгөн жүк автотранспортто ташылып келген жүк менен дал келбегендиги аныкталды. Анын ордуна сафлор өсүмдүгү табылгандыктан, өткөрмө посту жүктү артка кайтарууга милдеттендирилди.

Бул жагдай документтеги маалыматтар менен реалдуу жүктүн айырмачылыгынан келип чыккан.

Тиешелүү тараптарга маалыматтарды тактап, документтерди тууралоо жана келечекте мындай катачылыктарды болтурбоо сунушталат.