Кыргызстан жана Индонезия бизнес-форумдарды өткөрүү аркылуу экономикалык байланыштарды күчөтөт
24 февраль

Кыргызстан жана Индонезия бизнес-форумдарды өткөрүү аркылуу экономикалык байланыштарды күчөтөт

Кыргызстан менен Индонезиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сугионо жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 23-февралында Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында өткөн.

Тараптар кыргыз-индонезиялык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду жандандыруунун, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун, эки тараптуу байланыштарды чыңдоонун жана БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар бизнес-форумдарды өткөрүү аркылуу экономикалык байланыштарды күчөтүү боюнча макулдашып, Кыргызстанда халал индустриясын өнүктүрүү багытында кызматташууну жолго коюуга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көп тараптуу жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого, практикалык кызматташууну кеңейтүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты.

Ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн жана туруктуу саясий консультациялар механизмдерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.