Кыргызстан алты айда дээрлик 20 миң тонна сүт азыктарын экспорттоду
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

Кыргызстан алты айда дээрлик 20 миң тонна сүт азыктарын экспорттоду

026-жылдын алгачкы алты айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен үчүнчү мамлекеттерге сүт жана бал продукцияларынын экспортун активдүү улантты.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, отчеттук мезгилде сүт продукцияларынын экспорту 19 915,55 тоннаны түздү. Анын ичинде: 

  • балмуздак – 2 339 тонна 
  • сары май – 100,56 тонна 
  • сыр – 674,54 тонна 
  • кымыз жана курут сыяктуу кычкыл сүт азыктары – 197,77 тонна 
  • сүт сывороткасы – 189 тонна түздү.

Мындан тышкары, табигый балдын экспорту да жогорулап, алты ай ичинде 228,84 тонна бал чет өлкөлүк рынокторго чыгарылды. Бул көрсөткүчтөр кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясына тышкы рыноктордо суроо-талап бар экенин жана сүт менен бал тармагындагы экспорттук мүмкүнчүлүктөр кеңейип жатканын көрсөтөт. 

Кыргызстан айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспорттук потенциалын жогорулатууну улантып, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү азык-түлүк продукцияларын дүйнөлүк рынокторго чыгарууга багытталган иштерди жүргүзүүдө.