Беш жылда Кытайдан Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү болжол менен $1,85 млрд түзгөн
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргызстан – Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы кыргыз-кытай инвестициялык форумуна катышып сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жеке көңүл буруусунун аркасында өлкөлөр ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделип, учурда конкреттүү ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.
Статистикалык маалыматтар боюнча, 2021-2025-жылдар аралыгында Кытайдан Кыргызстанга келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү болжол менен 1,85 млрд долларды түзгөн.
Ал эми, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу кызматташтыктын жаңы этабын баштаганы, ал Кытай менен Борбор Азия жана анын сыртындагы рынокторду байланыштырган жаңы экономикалык коридорду түзүүгө, логистика, индустриалдык парктар жана экспортко багытталган өндүрүш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачаары белгиленди.
Форумда соодага негизделген моделден инвестициялык жана өндүрүштүк кооперацияга өтүү каралып, анда өнөр жай жана өндүрүштү локалдаштыруу, энергетика жана жашыл экономика, айыл чарба жана кайра иштетүү, санариптештирүү жана инновация тармактарында жаңы инвестициялар үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөр бар экендиги белгиленди.
Маселен:
- өнөр жай жана өндүрүштү локалдаштырууда – өндүрүштү кеңири масштабда жергиликтүү деңгээлде уюштурууну, технологияларды трансферт кылууну жана Кыргызстандын, ЕАЭБдин жана коңшу өлкөлөрдүн рыноктору үчүн продукция чыгаруу;
- энергетика жана жашыл экономикада – электр энергиясын өндүрүү, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана «жашыл» энергетика тармактарына кытайлык жаңы инвестицияларды жана технологияларды тартуу;
- айыл чарба жана кайра иштетүүдө –тамак-аш өндүрүшүнө жана логистиканы өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен кайра иштетүү ишканалар аркылуу жогорку кошумча нарктуу продукциянын үлүшүн көбөйтүү;
- санариптештирүү жана инновацияда – жасалма интеллект, маалымат борборлору, санариптик кызматтар жана квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.
МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков форумдун негизги жыйынтыгында конкреттүү долбоорлор, макулдашуулар жана жаңы бизнес-өнөктөштүктөр түзүлүп, эки өлкөнүн компанияларынын ортосундагы баарлашуулар жаңы биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өтүүгө мүмкүндүк берээрине ишенээрин билдирди.
Форумдун алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, Кыргызстан–Кытай: Транспорттук-логистикалык потенциалды өнүктүрүү жана сооданы санариптештирүү темаларында панелдик сессиялар болуп өттү. Ошондой эле, ишкерлер ортосунда В2В форматындагы жолугушуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
