Бажыдан кийинки контролдоо: 131 миллион сомдон ашык мыйзам бузуулар аныкталды
7 февраль

Бажыдан кийинки контролдоо: 131 миллион сомдон ашык мыйзам бузуулар аныкталды

Товарларды декларациялоодо декларацияланган маалыматтардын тууралыгын жана толуктугун текшерүү товарлар чыгарылгандан кийин бажы контролунун негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Бажы текшерүүлөрүнүн жүрүшүндө аныкталган негизги бузууларга төмөнкүлөр кирет:

  • ЕАЭБдин товардык номенклатурасына ылайык товарлардын классификациялык коду жөнүндө жалган же жаңылыштык маалыматтарды билдирүү;
  • Бажы төлөмдөрүн төлөөдө жеңилдиктерди мыйзамсыз берүү;
  • Акциздик салыктын чендерин туура эмес колдонуу.

2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча товарлар чыгарылгандан кийин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 131 307 092 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган, бул 2023-жылдын ушул мезгилине (11 494 619 сом) салыштырмалуу 1041,7%га көп.

Бюджетке 61 731 638 сом чегерилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (27 563 210,0 сом) 124%га көп.