Кыргызстандын мамлекеттик карызы беш айдын ичинде $1 млрд ашык көбөйдү.
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

Кыргызстандын мамлекеттик карызы беш айдын ичинде $1 млрд ашык көбөйдү.

2026-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 1 млрд доллардан ашык көбөйдү.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, май айынын аягына карата мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү 9 млрд 951,9 млн долларга жеткен.

Карыздын негизги өсүшү ички мамлекеттик карыздын эсебинен болду. Беш ай ичинде ал 1 млрд 166 млн долларга көбөйүп, 4 млрд 739,6 млн долларды түздү.

Ошол эле учурда тышкы мамлекеттик карыз кыскарууну улантты.

Май айынын аягына карата анын көлөмү 5 млрд 212,3 млн долларды түздү. Бул 2025-жылдын аягындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 133 млн долларга аз.

Ошентип, Кыргызстандын ички милдеттенмелеринин көлөмү тышкы мамлекеттик карызга жакындады.