Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү кайра каттоону санариптик форматка өткөрүүдө
3 сентябрь

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү кайра каттоону санариптик форматка өткөрүүдө

Салык системасын санариптик трансформациялоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен салык төлөөчүлөрдү салыктык кайра каттоо жол-жоболору электрондук форматка өткөрүлөт.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Эгерде баштапкы каттоо оңой болсо, кайра каттоо учурунда салык төлөөчүлөр салык органдарына өздөрү келип, себебин көрсөтүп, арыз таштоосу зарыл. Кайра каттоо төмөнкү себептерден: юридикалык даректин өзгөрүшү, башка салык режимине өтүү же бир райондон башка аймакка которулуудан болушу мүмкүн", – деп белгиледи Азат Алманбетов.

Анын айтымында, салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык төлөөчүнү кайра каттоо үчүн арызды онлайн берүүнү киргизүү пландаштырылууда.

"Салык кызматы кайрылууну карап чыгып, онлайн режиминде чечим кабыл алат, андан соң жыйынтык кайра салык төлөөчүнүн кабинетине жөнөтүлөт", – деди Азат Алманбетов.

Салык кызматы салыктык кызматтарды жеңилдетүү максатында жеке ишкер же жеке жак катары алгачкы каттоону салык органдарына баруу зарылдыгы жок эле онлайн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн ишке ашырылганын эскертет.

Арыз берүү үчүн Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу "Каттоо" бөлүмүнө кирип, андан кийин "Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү" бөлүмүн тандап, төмөнкү системалардын бири аркылуу идентификациялоо жол-жобосунан өтүүгө болот:

- Бирдиктүү идентификациялоо системасы; 

- Электрондук санариптик кол тамга; 

- Smart-iD KG.

Cabinet.salyk.kg сайтындагы "Каттоо" бөлүмүнөн арыздын статусун көрүүгө жана жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү чыгарып алууга болот. Салык органы тарабынан каттоону тастыктоо 5-15 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт.