ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген жүктөр Кыргызстандын аймагына киргизилбейт
9 январь

ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген жүктөр Кыргызстандын аймагына киргизилбейт

ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген жүктөр Кыргызстандын аймагына киргизилбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 8-январында министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин директору М.А.Кочеров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан "Ак-Тилек" жана "Кант" фитосанитардык контролдоо пункттарынын ишин, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн жаңы жылдык каникул убагында, пландан тышкары текшерүүнү жүргүздү.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары тарабынан карантинге алынган продукцияны импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык талаптарды так сактоо, фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө мыйзам бузуулар табылган учурда өсүмдүктөрдөн алынган айыл чарба продукциясын кайтарып берүү, жок кылуу же зыянсыздандыруу сыяктуу тиешелүү чараларды көрүү зарыл.

Ошондой эле республиканын аймагына ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына жооп бербеген, фитосанитардык коопсуздукка коркунуч келтирген жүктөрдү киргизбөө боюнча тапшырмалар берилди.