Кыргызстан буудай менен унду кайсы өлкөлөрдөн сатып алат? Тизме
9 январь

Кыргызстан буудай менен унду кайсы өлкөлөрдөн сатып алат? Тизме

Улуттук статистика комитети Кыргызстан буудай менен унду кайсы өлкөлөрдөн сатып алары боюнча маалымат берди.

Анда 2025-жылдын январь–октябрь айларында Кыргызстан 86,1 миң тонна ун сатып алганы айтылат.

Азык негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген:

  • Казакстан – 82,2 миң тонна;
  • Россия – 3,3 миң тонна.

Андан тышкары, АКШ, Өзбекстан, Франция, Корея жана Италиядан да аз көлөмдө ун алынган.

Ошол эле мезгилде республика 323 миң тонна буудайды евразиялык бешилтиктен импорттогон:

  • Казакстан – 202,8 миң тонна;
  • Россия – 117,4 миң тонна;
  • Армения – 2,8 миң тонна;
  • Канададан дан эгини аз өлчөмдө алынган.

Жыйынтыгында ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Кыргызстанды социалдык эң маанилүү товар менен камсыздагандардын сап башында болду.