Быйыл Нарын облусунда энергетика тармагында 5 объект ишке берилет
«КУЭТ» ААКнын филиалы – Нарын электр тармактары ишканасы 2025-жылы бир катар курулуш долбоорлорун ишке ашырууда.
Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, быйыл толук кандуу курулуп, пайдаланууга берилчү 5 маанилүү объект төмөнкүлөр:
- Нарын РЭТтин Нарын шаарында жайгашкан административдик кеңсеси – 3 кабаттуу, заманбап архитектуралык стилде курулуп, жалпы аянты 920 м² түзөт. Куруучу: ЖЧК “Гранд Строй KG”.
- Ат-Башы РЭТтин электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн кеңсеси – 2 кабаттуу, 360 м² аянтта курулууда. Куруучу: “Стрим Групп” ЖЧК.
- Жумгал РЭТтин административдик кеңсеси – 2 кабаттуу, 360 м² аянттагы имаратты “Ширин Бизнес Групп” ЖЧК куруп жатат.
- Кочкор РЭТтин оңдоо цехи – аянты 180 м², куруучу компания: “Адис Строй” ЖЧК.
- Кочкор районунун Чолпон айылында темир-бетон буюмдарын жасоочу цех – жалпы аянты 844,5 м², куруучу: “Ширин Бизнес Групп” ЖЧК.
Долбоордун жалпы сметалык баасы: 199 миллион 386 миң сом.
Курулуштун жүрүшү:
Бүгүнкү күндө иштердин аткарылышы 80–90% түзөт. Бардык объекттер сентябрь жана октябрь айларында пайдаланууга берилет
Бул курулуштар энергетика кызматкерлеринин иш шартын жакшыртып гана тим болбостон, техникалык базаны чыңдоого жана аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
Долбоорлор толук ишке ашкандан кийин, Нарын облусунун энергетикалык инфраструктурасы жаңы деңгээлге көтөрүлүп, тармактын кызматкерлерине бардык шарттар түзүлөт.
