Бакыт Төрөбаев “Ала-Тоо Азыгы” кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт айылындагы “Ала-Тоо Азыгы” кооперативине барып, анын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыкты.
Көп тармактуу “Ала-Тоо Азыгы” кооперативинин негизги максаты – сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү “асыл тукум” малдарды багуу аркылуу мал чарба комплексин түзүп, өндүрүш көлөмүн арттыруу. Бул аркылуу аймактагы жашоочулардын, мекеме-ишканалардын жана уюмдардын сүт-этке болгон муктаждыгын камсыз кылуу, өлкөнүн мал чарба тармагын алдыга жылдыруу көздөлгөн.
Кооператив учурда өз каражаттарынын эсебинен “Симментал” породасындагы 50 баш тубар уй алып келип, асыл тукум мал чарбасы катары мамлекеттик деңгээлде каттоодон өткөн. Келечекте мал санын 1000 башка жеткирүү менен Сузак районундагы ири сүт жана эт багытындагы чарбалардын бири болуу планы бар.
Кооперативдин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда министр Бакыт Төрөбаев мындай деди:
“Мындай долбоорлор —айыл чарбасын көтөрүү үчүн абдан маанилүү. Мал чарбачылыгын өнүктүрүү менен биз жергиликтүү тургундардын жашоо-турмушун жакшыртабыз, жумуш орундарын түзөбүз жана ички өндүрүштү жогорулатабыз. Мамлекет мындай демилгелерге колдоо көрсөтүүгө даяр. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте инфраструктура, каржылык жардам, жана башка маселелерди чечүүгө көмөктөшөбүз”, – деп белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Көк-Арт айыл өкмөтү жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан мал сарайларын куруу үчүн жер маселеси мыйзам чегинде чечилери белгилүү болду. Ошондой эле каржылык жана уюштуруу маселелерин колдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
