Кыргызстан Вьетнам, Грецияга тамеки продукциясынын экпортоодо
Ноокат району акыркы жылдары тамеки экспортуна өзгөчө көңүл буруп, көлөмүн көбөйткөн. Натыйжада Кыргызстандан Вьетнам, Греция, Россия жана Казакстанга жөнөтүлгөн тамеки продукциясынын экпорту өскөн.
Алсак, Ноокат районундагы ишканалар тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча CJSC “Constant Leaf Tobacco” ишканасы тарабынан Вьетнамга 2023-жылы – 29,3 тонна, 2024-жылы – 60 тонна табигый тамеки экспорттолгон. Ал эми “Баек” (LLC "BAEK") фирмасы тарабынан Грецияга ферменттелген тамекинин экспорту – 2024-жылы 154 тонна, 2025-жылы 170 тонна түзгөн.
Мындан тышкары, тамеки калдыктары боюнча дагы олуттуу экспорттук көрсөткүчтөр орун алган. Алсак, 2024-жылы Казакстанга 8 тонна, Россияга 561 тонна, 2025-жылы Россияга 378,4 тонна, Казакстанга 97 тонна тамеки калдыктары экспорттолгон.
Бул көрсөткүчтөр тамеки тармагындагы ишканалардын экспорттук потенциалы өсүп жатканын айгинелейт. Өзгөчө Европа жана Азия өлкөлөрүнө туруктуу экспорттун жолго коюлушу – аймактагы ишкердиктин жана айыл чарбанын өнүгүшүнө чоң салым кошууда.
