Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулады
18 февраль

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулады

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Грузиянын Кыргызстандын элчиси Николоз Лалиашвили бүгүн, 18-февралда жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүү маселелери, анын ичинде Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.

Экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте тараптар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.