Кара-Суу районундагы “Аккула асыл тукум чарбасы” – өлкөнүн экспорттук потенциал жогорулатууга өбөлгө түзөт
12 ноябрь

Кара-Суу районундагы “Аккула асыл тукум чарбасы” – өлкөнүн экспорттук потенциал жогорулатууга өбөлгө түзөт

2025-жылдын 11-ноябрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында жайгашкан “Аккула асыл тукум чарбасынын” ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүштүк кубаттуулугу, эт иштетүү жана сактоо инфратүзүмдөрү, ошондой эле мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Чарбанын негизги ишмердүүлүгү – айыл чарба жаныбарларын багуу жана этти алгачкы кайра иштетүү, муздатуу жана сатыкка чыгаруу.

Соңку үч жылда чарбаны өнүктүрүүгө 10 миллион сомдон ашык инвестиция тартылган. Учурда ишканада мал союу цехи, эт сактоочу муздаткыч (12 тоннага чейин сактоо мүмкүнчүлүгү менен) жана асыл тукум кой жана бодо мал фермалары бар.

Фермада:

  • «Ала-Тоо» породасындагы асыл тукум койлор,
  • 400 баш бодо мал,
  • жылкылар,
  • жана заманбап убой цехи бар.

Мал союучу цех ветеринардык жана санитардык талаптарга, Кыргыз Республикасынын СанПиН эрежелерине жана ЕАЭБ техникалык регламенттерине толук шайкеш келет. Ал Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө, жалпы 0,8 гектар аянтта жайгашкан.

ПРЭР-1 долбоорунун алкагында “Аккула асыл тукум чарбасы” жалпы суммасы 31,8 миллион сомго бааланган 284 баш бодо малды алган, анын ичинде:

  • Ангус породасындагы – 40 баш,
  • Герефорд породасындагы – 150 баш,
  • Симментал породасындагы – 94 баш.

Мындан тышкары, чарба 3 миллион сомдук ЮТО-954 тракторун да сатып алган.

Бул ЦДСке (“Этти алгачкы иштетүү, сактоо жана сатыкка чыгаруу чынжыры”) 26 фермер кирет, анын ичинде “Агроленд” ЖЧКсы юридикалык жак катары катышууда. Фермерлер жалпы 282 баш бодо малды (Ангус, Швиц жана Симментал породалары) 38,7 млн сомго алуу үчүн арыз беришкен. Алардын ичинен “Агроленд” – 100 баш бука (12,5 млн сомго) сатып алууну пландаштырууда.

 «Мал чарбачылыгынын натыйжалуу өнүгүшү – бул биздин экспорттук потенциалды арттырып, айыл экономикасын чыңдоонун маанилүү багыты. “Аккула” сыяктуу чарбалар эт өндүрүшүн толук циклде ишке ашырып, жергиликтүү рынокту сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылууда», – деп белгиледи министр Бакыт Төрөбаев.

Министр мындай чарбаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн, заманбап технологияларды киргизүүнүн жана асыл тукум мал багуунун маанисин өзгөчө баса белгиледи.