КР Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүн кеңейтүүдө
16 декабрь

КР Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүн кеңейтүүдө

Соода-өнөр жай палатасынын Президиумунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Уюмдан кабарлашкандай, жыйында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Палатанын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган бир катар уюштуруучулук маселелер каралды.

Жыйындын алкагында палатанын чет өлкөлөрдөгү жаңы өкүлдөрүн бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Президиумдун чечимине ылайык төмөнкү өкүлдөр бекитилди:

• Кытай Эл Республикасы, Шаньси провинциясы — Мусарова Амина

• Кытай Эл Республикасы, Гуандун провинциясы — Момунов Алишер

• Кытай Эл Республикасы, Чжэцзян провинциясы — Акматалиев Медербек

• Сауд Арабия Королдугу — Ибраим кызы Назира

• Америка Кошмо Штаттары, Чикаго шаары — Тимур Тиленов

• Америка Кошмо Штаттары, Пенсильвания штаты — Эсенбек Кенжетаев

Жаңы өкүлдөрдү бекитүү кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө илгерилетүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана эл аралык бизнес-байланыштарды чыңдоого багытталган.