«Борбордук Азия + Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин» Экинчи инвестициялык форумуна даярдык талкууланды
14 март

«Борбордук Азия + Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин» Экинчи инвестициялык форумуна даярдык талкууланды

2025-жылдын 12-мартында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси У.Марипов Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (БАМКК) Башкы катчысы Жасем Мохаммед Аль-Будайви менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушуунун алкагында, 2025-жылдын жай айларында Бишкек шаарында «Борбордук Азия + Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин» Экинчи инвестициялык форумун өткөрүү боюнча маселелерди талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. 
Тараптар Кыргызстан менен БАМКК ортосунда саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жалпы умтулууну ырасташты. 

Элчи У.Марипов БАМККнын Башкы катчысына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиевдин атынан ушул жылдын жайында Бишкекте өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин Экинчи инвестициялык форумуна катышууга расмий чакырууну тапшырды.

Өз кезегинде, Ж.Аль-Будайви Кыргызстандын жетекчилигине чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы иш-чарага катышууга, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен мамилелерди мындан ары бекемдөөгө даяр экендигин билдирди. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар тыгыз байланыштарды сактоо жана жетишилген макулдашууларды илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти улантуу жөнүндө макулдашышты.

Маалымат үчүн: Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши 1981-жылы 25-майда түзүлгөн жана ага алты мамлекет – Сауд Арабиясы, БАЭ, Бахрейн, Оман, Катар жана Кувейт кирет.