Евразия экономикалык бирлигинин алкагында техникалык жөнгө салуу жана өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелери талкууланды
2026-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү (техникалык жөнгө салуу боюнча министри) Александр Субботин менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү негизги маселелерди, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердеги техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүүгө, шайкештикти баалоо механизмдерин өркүндөтүүгө, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга, милдеттүү талаптарды шайкеш келтирүүгө жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара кызматташууну чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар техникалык жөнгө салуу системасын өркүндөтүүгө жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда мындан ары да конструктивдүү кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
