Мыйзамсыз сатылган 869 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды
Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Арашан (мурдагы Таш-Дөбө) айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө Орто-Сай айылында жайгашкан 1,0 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.
Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын негизинде, наркы 869 742 000 сомду түзгөн жер тилке мамлекетке кайтарылды.
