Эрлист Акунбеков Пакистандын Кыргызстандагы Элчиси менен жергиликтүү айыл чарба продуктуларын экспорттоо маселелерин сүйлөштү
8 сентябрь

Эрлист Акунбеков Пакистандын Кыргызстандагы Элчиси менен жергиликтүү айыл чарба продуктуларын экспорттоо маселелерин сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды.

Алгач жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосунда кыска убакыттын ичинде жогорку деңгээлдеги бир катар сапарлар уюштурулганы айтылды. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген негизги макулдашууларды – эми эки мамлекеттин жарандары жана бизнес коомчулугу үчүн сезилерлик конкреттүү долбоорлорго, инвестицияларга жана практикалык натыйжаларга айландыруу керектиги белгиленди. 

Эки тараптуу сүйлөшүүдө негизинен Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчакты Пакистанга экспорттоо маселелери талкууланды. Анда кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен пакистандык импорттоочулардын ортосунда түз байланыштарды түзүү, эки тараптуу соода көргөзмөлөрүн уюштуруу менен ага катышуу, ошондой эле жеткирүүнүн конкреттүү көлөмдөрүн жана шарттарын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгү каралды. 

Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, төө буурчактын жылдык экспорттук потенциалы 50 миң тоннадан ашат. Маселен, кыргыз төө буурчагы чет өлкөлүк базарларда туруктуу суроо-талапка ээ болуп, 2025-жылы экспорттун жалпы наркы 67 млн долларды түзгөн. 

Белгилей кетсек, жакынкы эки жылдын ичинде өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн долларга чейин жеткирүү ниеттери жакында эле болуп өткөн жогорку деңгээлдеги сапарлардын алкагында ырасталган. Бул максатка жетүү үчүн Пакистан рыногуна кыргыз айыл чарба продуктуларын жеткирүү иштерин азыртадан жүргүзүп, биргелешкен аракеттерди баштоо макулдашылды.