Кыргызстан Улуу Британиянын ири компаниялары менен кызматташтык маселелерин талкуулады
18 февраль

Кыргызстан Улуу Британиянын ири компаниялары менен кызматташтык маселелерин талкуулады

Улуу Британияга болгон иш сапардын алкагында Кыргызстандын делегациясы Oppenheimer Europe, Citi Group, Societe Generale жана ICBC Standard Bank сыяктуу ири финансылык институттардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Экономика жана коммерция министрлиги кабарлагандай, тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине көңүл бурушту.  

Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев да катышты. Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөрдү тартуу жана эл аралык экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча иштерди улантууда.