Тигүү тармагы: сунуштарыбыз угулуп, көйгөйлөрүбүз ыкчам чечилүүдө
Кыргыз Республикасынын Тигүү өнөр жайы ассоциациясынын төрайымы Диля Дуйшебаева Жогорку Кеңеште өткөн парламенттик угууда Россиядагы Wildberries компаниясынын айланасындагы кырдаалга байланыштуу тигүү тармагындагы ишканаларга жана маркетплейстер аркылуу иш алып барган субъекттерге салыктык жүктү азайтуу боюнча сунуштар тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 23-июлунда тиешелүү мамлекеттик органдарга, анын ичинде Мамлекеттик салык кызматына тигүү тармагындагы субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын убактылуу 0 пайызга чейин төмөндөтүү, ошондой эле маркетплейстер аркылуу иш жүргүзгөн ишкерлер үчүн салык ставкасын нөлгө түшүрүү сунушу менен расмий каттар жөнөтүлгөн.
Ал ошондой эле мамлекеттик органдар келип түшкөн сунуштарга ыкчам жооп кайтарганын белгилеп, бул зарыл чараларды көрүүнү жана чечимдерди кабыл алууну тездетүүгө өбөлгө болгонун кошумчалады.
