Февралда Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү $224,2 млн түзгөн
22 апрель

Февралда Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү $224,2 млн түзгөн

2026-жылдын февраль айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү $224,2 млн түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн $208,2 млн көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар $16 млн болгон.

2026-жылдын февраль айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү $18,9 млн түздү.

Анын $17,2 млн КМШ өлкөлөрүнө, $1,7 млн алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.