Кыргызстандын жана Казакстандын салык кызматтары меморандумдарга кол коюшту
22 август

Кыргызстандын жана Казакстандын салык кызматтары меморандумдарга кол коюшту

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы меморандумдарга кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки мекеменин жетекчилери Алмамбет Шыкмаматов жана Жандос Дуйсембиев төмөнкү эки меморандумга кол коюшту:

– өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында автотранспорттук ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө;

– автотранспорт каражаттарын жана товарларды ташууда өз ара кызматташуу жөнүндө.

Биринчи меморандумдун алкагында пилоттук долбоор эки өлкөнүн фискалдык органдары тарабынан эл аралык стандарттарга ылайык салык жана бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталат, бул чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылат.

Экинчи меморандумдун алкагында товарларга коштомо кагаздарды жана электрондук эсеп-фактураларды алмашуу үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу, ошондой эле кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында электрондук кезекти киргизүү каралган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн эки документке кол коюлган маанилүү күн экенин баса белгиледи.

«Бул меморандумдарга кол коюу ишкерлерди жана жүк ташуучуларды мамлекеттик деңгээлде колдоого алуу, жеңилдиктерди берүү жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү багытында жасалган оң кадам болуп саналат», – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Ошондой эле, Салык кызматынын жетекчиси документтерди даярдоо учурундагы тыгыз жана жемиштүү кызматташуусу үчүн казак кесиптешине ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы ийгиликтүү өз ара байланыштардын чыңдалышына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, Казакстан Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Жандос Дуйсембиев кыргызстандык кесиптештерине кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсүп жатканын белгиледи. Ошондой эле меморандумдарга кол коюу менен эки өлкө ортосундагы экспорт менен импорттун мындан ары дагы жогорулашына өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, кол коюлган меморандумдар навигациялык пломбаларды киргизүү жана ташууларды көзөмөлдөө шарттарын жакшыртууга багытталган. Бул өткөрүү пункттарындагы көзөмөлдөө жол-жоболорунун көлөмүн кыскартууга, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Мамлекеттик чек арадан өтүүнүн ачыктыгын жана ыкчамдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.