Салык төлөөчүлөр 1-апрелге чейин документтери жок товарлар жөнүндөгү маалыматтарды киргизе алышат
18 февраль

Салык төлөөчүлөр 1-апрелге чейин документтери жок товарлар жөнүндөгү маалыматтарды киргизе алышат

Мамлекеттик салык кызматы салык агенттери 2025-жылдын 1-апрелине чейин "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасындагы баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлар жөнүндөгү маалыматты каттай аларын билдирет.

Системага маалыматтарды көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин киргизүү менен салык төлөөчүлөр бул товарлар үчүн жоопкерчиликтен жана айып пулдардан бошотулат.

Бирок, бул бошотуулар төмөнкү категорияларга тиешелүү эмес:

  • алкоголь, тамеки буюмдары, дары-дармек каражаттары, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдары;
  • мунай жана мунай азыктары (ТНВЭД 2710197100-2710199800 коддорундагы майлоочу майларды кошпогондо);
  • салык кызматынын органынын чечимдери же соттун токтомдору бар товарлар.

Бул чаралар салыктык эсепке алууну жөнөкөйлөтүүгө жана товарлардын кыймылына болгон көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.