Араван районунда дыйкандар жүгөрүдөн 9 175 тонна түшүм алышты
22 август

Араван районунда дыйкандар жүгөрүдөн 9 175 тонна түшүм алышты

Ош облусунун Араван районунда 2025-жылга карата дыйкан-фермерлер жана айыл чарба кооперативдери тарабынан жалпы 2957 гектар жер аянтына жүгөрү эгилген. Учурда аймакта оруу-жыюу иштери кызуу жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө 1271 гектар аянттан орточо 72,2 центнерден түшүм алынып, жалпысынан 9175 тонна дүң түшүм жыйналды. Анын негизинде 15195 тонна силос даярдалып, 2025–2026-жылдардын кыштоосу үчүн мал чарбачылыгын камсыздоого жетиштүү тоют кору түзүлдү.

Мындан тышкары, 2025-жылдын июнь–июль айларынан тартып экинчи эгин эгүү иштери жүргүзүлүп, сентябрь–октябрь айларында түшүм жыйноо пландалууда. Бул кадам жергиликтүү дыйкандардын кирешесин көбөйтүп, аймактагы айыл чарба өндүрүшүн диверсификациялоого өбөлгө түзөт.

Араван районундагы жүгөрү өндүрүү боюнча ийгиликтер – жергиликтүү дыйкандардын эмгегинин жана мамлекеттик колдоолордун жыйынтыгы болуп саналат. Айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында министрлик тарабынан дыйкандарга агротехникалык кеңештер, ошондой эле сапаттуу үрөн жана техникалык жардам көрсөтүлүп келет.