«Жол фонду жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты
Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев тааныштырган мыйзам долбоорунун максаты Жол фондунун каражаттарын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну караган укуктук ченемдерди мыйзам менен бекитүү болуп саналат.
Талкуу маалында депутат Эмиль Токтошев 2024-жылы Жол фондуна канча каражат топтолгонун жана салыктын кайсы түрлөрүнөн түшүп жатканын сурады. Өз кезегинде Бекназар Базаралиев 2023-жылы 4,5 миллиард, 2024-жылы 5 миллард 846,7 сом каражат түшкөнүн айтып өттү.
Ошондой эле, депутат Эмиль Токтошев Жол фондундагы каражаттарды максаттуу пайдалануу керектигин белгиледи.
Ал эми эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков өлкөдө жүргүзүлүп жаткан жол саясатын кубаттап, Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл-аймагындагы бийик тоолуу Шаркыратма айылынын жолун оңдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.
Мындан тышкары, депутат Улан Примов Жол фондуна түшкөн каражат аймактар боюнча кандай критерийлер менен бөлүнөрүн тактады.
«Ош менен Бишкектен башка дагы аймактар бар. Ар бир аймакта катталган, иштеп жаткан автоунаалар бар. Алар күйүүчү-майлоочу май сарптап жатышат. Ошол үчүн Жол фондундагы каражатты аймактар боюнча бөлүштүрүүдө системалуу иштер алып барылса жакшы болот», - деди.
Депутат Таалайбек Сарыбашов күйүүчү майдан топтолуп жаткан каражат менен Транспорт салыгынан түшкөн акчанын айырмасына кызыгып, бул нерсеге жакшы анализ жасалып, коомчулукка так маалымат жеткирүү зарылдыгын айтып өттү.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору эл өкүлдөрүнүн колдоосуна алынып, биринчи окууда кабыл алынды.
