Жогорку Кеңеште «КР агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу тегерек стол өттү
10 апрель

Жогорку Кеңеште «КР агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу тегерек стол өттү

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев, аталган комитеттин мүчөсү Илимбек Кубанычбеков, ошондой эле Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алишер Козуев «Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр» темасында өткөн тегерек столго катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттик коомчулуктун мүчөлөрү да катышты.

Тегерек столдун максаты – агроөнөржай комплексинин реалдуу секторунун өкүлдөрүнүн тармакты мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарын талкуулоо, анын ичинде бул багыттагы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы №202 Жарлыгын ишке ашыруу жана салык мыйзамдарын өркүндөтүү маселелери каралды.

Алгач комитет төрагасы Алтынбек Кудайбердиев көтөрүлгөн маселенин маанилүүлүгүн белгилеп, агроөнөржай комплексиндеги негизги көйгөйлөрдүн бири – майда товардуулук экенин, бул жагдай өлкөнүн экспорттук потенциалын толук ишке ашырууга тоскоол болуп жатканын белгилеп:

«Бул жаатта фермердик чарбаларды ыктыярдуу түрдө кооперативдерге же башка чарба жүргүзүү формаларына бириктирүүнү стимулдаштыруу, ошондой эле агрокластерлерди жана кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү чоң мааниге ээ», – деген Алтынбек Кудайбердиев Жогорку Кеңеш ишкерлерден түшкөн сунуштарды кароого жана мыйзамдарды өркүндөтүүгө ачык экенин кошумчалады.

Өз кезегинде комитет төрагасынын орун басары Алишер Козуев айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү маселелерине токтолуп, мамлекеттик органдар, бизнес жана илимий чөйрө ортосундагы координацияны күчөтүү, агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын иштеп чыгуу керектиги тууралуу сөз кылды.

Талкуу маалында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо маселелери кеңири каралып, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча пикир алмашуу болду. Атап айтканда, айыл чарба өндүрүүчүнүн макамын тактоо, айыл чарба кооперативдерин жөнгө салуудагы карама-каршылыктарды жоюу жана салык жеңилдиктерин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча сунуштар айтылды.