Финансы министрлиги ишкерлерге 9,3 млрд сомдон ашуун суммада пайызсыз кредиттерди берди
22 август

Финансы министрлиги ишкерлерге 9,3 млрд сомдон ашуун суммада пайызсыз кредиттерди берди

“Кичи, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге 9 миллиард 365 миллион сомдон ашык суммада пайызсыз кредиттер берилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жана кризистик кырдаалга таасир көрсөтүүдө чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк менен Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржылануучу “Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоору ишке киришкен. 2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайызсыз кредит ала башташкан.