Баткен районунда 3 өндүрүш ишканасы ишке кирет
22 август

Баткен районунда 3 өндүрүш ишканасы ишке кирет

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен районунун аймагында жаңыдан бүткөрүлгөн өндүрүш ишканаларынан кабар алды.

Алар;

  • Самаркандек айылындагы мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү цехи.

Цех суткасына 5тонна мөмө жемиштерди кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ишканада 30 жумуш оруну түзүлөт. Долбоордун жалпы наркы 16 млн сом

  • Ак-Татыр айылындагы желим идиштерди чыгаруучу жана кайра иштетүүчү цехи

Долбоордун жалпы наркы 52 млн сом. 30 жумуш оруну түзүлөт. Ишканада тамак аш азыктары үчүн жогорку сапаттагы чийки заттан желим жана кагаз идиштери чыгарылат. Ошондой эле желим идиштер кайра иштетилет.

  • Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы мөмө жемиштерди тоңдуруп сактоочу цехи (ваакуумдук муздаткыч)

500 тонна мөмө жемиштерди сактоого ылайыкташкан. 5 жумуш оруну түзүлөт.

Долбоордун жалпы наркы: 22 млн сом

Ишканалар 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет.