Соода-өнөр жай палатасында маанилүү кадрдык дайындоо болду
Дыйканов Санжар палатанын эл аралык маселелер боюнча вице-президенти болуп дайындалды. Аны жамаатка Палатанын президенти Темир Сариев тааныштырды.
Санжар Дыйканов – эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу адис. Ал Япониянын Эл аралык университетин, ошондой эле Кытайдын Геологиялык илимдер университетин бүтүп, көп жылдан бери дипломатиялык кызматтарда эмгектенген.
Анын иш тажрыйбасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
• КР ТИМ системасында көп жылдык кызмат;
• Кытай Эл Республикасындагы Кыргызстандын консулдук мекемелеринде иштөө;
• Россия Федерациясындагы Башкы консулдуктагы дипломатиялык ишмердүүлүк.
Санжар Дыйкановдун эл аралык мамилелер жаатындагы тажрыйбасы Палатанын глобалдык алакаларын кеңейтүүгө жана кыргыз бизнесинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга олуттуу салым кошмокчу.
