Министрлер кабинети
18 март
Улуттук банктын жаңы төрагасы Алмаз Бакетаев борбордук аппаратка тааныштырылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев КР Улуттук банкынын борбордук аппаратына жаңы төрага Алмаз Бакетаевди тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, жаңы төраганын жетекчилиги астында жөнгө салынуучу органдын иши банк секторун мындан ары өнүктүрүүгө, акча-кредит саясатынын натыйжалуулугун жогорулатууга, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталат деген ишенимин билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук банктын төрагасына жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
