Шыкмаматов Баткен облусундагы аймактык башкармалыктардын иши менен таанышты
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов аймактарга иш сапарынын алкагында Баткен облусундагы ведомствонун аймактык башкармалыктарын кыдырды.
Иш сапардын жүрүшүндө ал түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү, анын ичинде "Бирдиктүү терезеде" салык кызматтарынын көрсөтүлүшү менен жеринен таанышты. Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына жана жарандар менен иштөөнүн уюштурулушуна өзгөчө көңүл бурду.
Мындан тышкары, ал кызматкерлер иштеген жана калкка салык кызматтары көрсөтүлгөн административдик имараттардын абалын көрүп чыкты.
Салык кызматынын башчысы аймактык башкармалыктардын жаңы административдик имараттарын куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкелерин карап чыкты. Аймактарды рационалдуу пайдалануу жана курулуш долбоорлорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Сапардын жыйынтыгында аймактык бөлүмдөрдүн ишин жакшыртууга жана салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.
