Улуттук банк валюта рыногуна $173,9 млн сатты
11 ноябрь

Улуттук банк валюта рыногуна $173,9 млн сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-ноябрда валюта рыногуна $173,9 сатты. Бул жыл башынан берки алтынчы ири интервенция болуп саналат.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, бул сумманын 65,3 доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, ал эми 108,6 доллары бүтүм түзүлгөн датадан башка күнгө эсептешүү менен сатылган.

Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан $590,5 млн саткан.