Жогорку Кеңештин комитети насыялык маалымат алмашуу, инвестициялар жөнүндө мыйзам долбоорлорун жактырды
Бүгүн, 19-январдагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты насыялык маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана финансылык инклюзияны өнүктүрүү, жарандардын жана ишкерлердин насыялык ресурстарга жетүү мүмкүндүгү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Тагыраагы, мыйзам долбоорунун милдети насыялык маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн кыскартуу болуп саналат, бул зайымчылардын насыяларга жетүүсүн жеңилдетүүгө, банк системасына жүктөмдү азайтууга жана чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө дем берүүгө мүмкүндүк берет.
Муну менен катар жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери укуктук карама-каршылыктарды жокко чыгаруу болуп саналат.
Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев жана Камила Талиева былтыр кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзам жетиштүү деңгээлде талдоодон өткөрүлбөстөн, шашылыш түрдө кабыл алынганын белгилешти. Анын натыйжасында учурда аталган мыйзамга кайрадан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкканын жүйө келтирип, мыйзам чыгаруу процесси ар тараптуу талдоого жана терең иштелип чыгууга тийиш экенин айтышты.
Муну менен катар эл өкүлү Камила Талиева Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк инвесторлорго коюлган талаптарга байланыштуу маселелерди көтөрдү. Тагыраагы, өзүн чет өлкөлүк инвестор катары көрсөтүп, алдамчылык аракеттерге барган адамдардан Кыргыз Республикасынын жарандарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү керектигин кошумчалады. Андан тышкары, депутат Улан Примов чет элдик инвесторлорду каттоо, аккредитациялоо тартибине кызыгып, ал ыктыярдуу түрдө гана жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
